Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы

2018-жылдын 20-апрели № 1

Айыл ѳкмѳтүнѳ атуулдардан түшкѳн арыздарды карап чыгып,арасынан аз камсыз болгон жардамга муктаж үй-бүлѳлѳргѳ лесхоздун жеринен ижарага берүү үчүн

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Айыл ѳкмѳтүнѳ атуулдардан түшкѳн арыздарды карап чыгып,арасынан аз камсыз болгон жардамга муктаж тѳмѳнкү үй-бүлѳлѳргѳ лесхоздун жеринен 1 жылдык мѳнѳткѳ ижара акысы 2000 (эки миң) сом менен ижарага берилсин.

-          Алимбекова Нургуль

-          Мамытбеков Мээрбек

-          Момбеков Данияр

-          Сартбаева Зухра

-          Тапышева Махабат

-          Элгонова Бактыгүл

-          Эркинов Сыргабек

-          Толмушева Зинагуль

-          Медетбекова Бурмакүл

-          Токтогазиева Батма

2. Лесхоздун жерин мурунтан ѳздѳштүргѳн атуулдардын ижара акысы 1га жерге 3000(үч миң) сом жана 2017-жылы алган жарандарыбыздын ижара акысы 1га жерге 2000(эки миң) сом деп белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.

 

Төраганын орун басары

А. Опобеков