ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2018-жылдын 1-августу № 4
Куттубаев Кожомбердинин арызы жөнүндө
Куттубаев Кожомбердинин арызы талкууланып, өздөрүнө тиешелүү айдап жүргөн үлүш жеринин тегерегиндеги дөң сай жерди тегиздеп, баласына үлүш жер катары берүүсүн суранган, арызын канаттандыруу максатында Шекер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясы жеринде барып көрүшсүн, эгерде арызда көрсөтүлгөндөй тегерегиндеги дөң сай,жайыт жерине кирбеген болсо үлүш албай калган 1995-жылы туулган баласына үлүш жер аянты катары берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманалиев |