Редакцияот 01.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы

2018-жылдын 1-августу № 14

Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Арчагул айылындагы жашоочулардын кайрылуусун карап чыгып, айдоо жерлерди көп мал тебелеп катырып жаткандыгына байланыштуу дыйкандардын үлүш жерине мал жайбоо тууралуу Шекер айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айыл өкмөтүнө караштуу дыйкандардын айыл чарба айдоо жерлерине башка айыл өкмөттөрүнүн малын жайууга, жайыт катары пайдаланууга тыюу салынсын.

2. Токтомду аткаруу жагы Арчагул айылынын айыл башчысы Т. Абдыкеримовго жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Иманалиев