ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июну № 60/13/27
«Люксембург айылындагы Я.Я.Ваккер атындагы ОМнин аймагында футбол талаасынын курулушуна акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин футбол талаасынын курулушуна акча каражатын бөлүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтү Я.Я.Ваккер атындагы ОМнин аймагына футбол талаасынын курулушуна 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комисиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |