Редакцияот 03.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 3-июлу № 62/14/27

«№15-контурдагы турак-жай курулушунун башкы планын бекитүү жөнүндө»

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы А.А. Кожоновдун «Билдинг компани «Вилла» ААКнан түшкөн арыз боюнча (кириш № 9, 20-июнь 2018-жыл) №15-контурдагы турак-жай курулушунун башкы планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап

Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 4,6 га № 15-контурга турак-жай курулушунун башкы планы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тентишевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Кожонов