Редакцияот 11.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2018-жылдын 11-октябры № 67

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №12 Курама уулу Турусбек мектебинин кышка карата даярдыктары жана башка орчундуу маселелери жөнүндө

 

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 12 Курама уулу Трусбек мектебинин жетекчиси Аматбекова Кенжекан Жумнусовнанын мектептин кышка даярдыгы жана аткарып жаткан иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштары жана сын- пикирлери эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн акча каржатынын жумшалышы боюнча көзөмөлдөп карап чыгуу үчүн айылдык Кеңештин депутаттарынан кошулган тиешелүү адистер менен биргеликте комиссиянын курамы түзүлсүн.

3. ОсОО “Сырга-Таш” тарабынан демонтаждык жана монтаждык иштер жүргүзүлүп, демонтаждала турган радиаторлордун, трубалардын жарактуу жана жараксыздарын тактап аныктоо боюнча айылдык Кеңештин депутаттары менен биргеликте комиссиянын курамы түзүлсүн.

4. Токтогул райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан жалпы билим берүүчү мектептерге учурдагы чарбалык максаттар үчун буюмдарды алууга каралган кандай акча каражаттары же жардамдары бар экендиги б.а.Турусбек жана Коргол мекетептерине берилгендери боюнча айыл өкмөтү тарабынан кат жолдонсун.

5. Кышка даярдык иштердин өз учуранда бүткөрүлушү боюнча иш алып баруу мектептин директору Аматбековага милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы И.Чороевге ташырылсын.

7. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

О.Б. Көксариев