Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 16-октябры № 102

Бекмолдо айылынын тургуну Алтымышов Мараттын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бекмолдо айылынын тургуну Алтымышов Мараттын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айылынын тургуну Алтымышов Мараттын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү “Улакчы ” балбандардын жана жазында өтүүчү Кыргызстандын жана Талас облусунун биринчиликтерине даярдык машыгууларды өткөрүү үчүн 62 000 (алтымыш эки мин ) сом акча каражаты 2017-жылдан ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Ибраимов