Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 16-октябры № 108

Каржы бөлүмүнүн башчысы М.Стамалиевдин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Каржы бөлүмүнүн башчысы М.Стамлиевдин жазган кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каржы бөлүмүнүн башчысы М.Стамалиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 300 000 (үч жүз мин ) сом акча каражаты 2017-жылдан ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бекмолдо айыл аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруунун АПУ жана ИТУсуна 113244 (жүз он үч миң эки жүз кырк төрт) сом, топосьемкага 26 000 (жыйырма алты миң) сом Баардыгы болуп: 139 244 (Бир жүз отуз тогуз миң эки жүз кырк төрт) сом акча каражаты 2017-жылдын ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Ибраимов