Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 16-октябры № 111

Бекмолдо айыл аймагынын электриги Ибраимов Айдарбектин жазган кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Бекмолдо айыл аймагынын электриги Ибраимов Айдарбектин жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын электриги Ибраимов Айдарбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев орто мектебинин жанындагы электр трансформаторун тегерегин курчап тосмо куруу үчүн 14 000 (он төрт мин ) сом акча каражаты 2017-жылдан ашыкча калган акчанын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Молдобековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Ибраимов