Редакцияот 19.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 19-октябры № 85/13-27

Калкты жылуулук жана таза суу менен камсыз кылуу үчүн "Орловка жылуулуксуукамсыздоожанасууөткөрүишканасын" (ОЖСКжСИ) мониторинг жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле тез бузулуп, сапатсыз ичүүчү суу жана салыштырмалуу туруксуз жылуулук менен жабдуу боюнча коомдук арыздар негизинде, Орловка шаарынын Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калкты сапатту суу жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн "Орловка жылуулуксуукамсыздоожанасууөткөрүишканасын" текшеруу жүргүзүү жана көзөмөлдөө үчүн төмөнкү курамында комиссия түзүлсүн:

-          Сарбаев Д.С.- ОШК төрагасы

-          Алыбаев К.- ОШК депутаты

-          Жеенбеков А.- ОШК депутаты

-          Кириллов М- аксакалдар сотунун төрагасы

-          Тентиев Т.- жаштар кеңеши

-          Кирибаева Г.- ОШК депутаты

-          Темирканов Т.- Орловка ш. мэриясынын жер жайгаштыруу адиси

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө жүктөдүм.

 

Төрага

Д.С. Сарбаев