Редакцияот 24.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 24-августу № 6/1

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 1-августундагы №1-5/201-б буйругун аткаруу максатында, Уч-Коргон айыл окмотунун 2017-жылдын 17-августундагы №03-12/286-б сандуу буйругу менен кабыл алынган «Уч-Коргон айыл окмотунун 2018-2020-жылдарга Туруктуу Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу жөнүндө» буйругун бекитип берүү максатында Уч-Коргон айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Туруктуу Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу боюнча 2018-2020-жылдарга Программасы» бекитилсин.

2. «2018-2020-жылдарга Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн Туруктуу Өнүгүү Программасын иштеп чыгуу жөнүндө» кабыл алынган иш-чаралардын планы жактырылсын.

3. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга Туруктуу Өнүгүү Программасында кабыл алынган иш-чараларды Уч-Коргон айылдык кенешинин экономика жана финансы, жер жана агрардык, социалдык, укук коргоо жана тиртип сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын козомолдоосу менен аткарылган иштерди Уч-Коргон айылдык кенешинин сессиясында кароо жагы белгиленсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Х. Джалалов