Редакцияот 24.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII кезектеги чакырылган I- сессиясы

2017-жылдын 24-августу №61

Улахол айыл Өкмөтүндөгү бодо малдарды идентификациялоо боюнча кызмат акысын бекитүү жөнүндө

Улахол айыл өкмөтүнүн вет. инспектору С.Бокуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улахол айыл аймагында бодо малды идентификациялоо үчүн ар бир бодо малга 80 (сексен) сом өлчөмүндө кызмат акысы бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Б.Эсенгелдиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Ашымов