Редакцияот 29.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

2018-жылдын 29-октябры № 48

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна кирүү жана мүчөлүк төлөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылган кайрылууларын карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Жобосуна ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Султанов