Редакцияот 09.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 09-июну № 35

Айыл ѳкмѳтүнүн салык адиси А.Садыкованын билдирүүсүнүн негизинде Кѳлдүк айылдык кеңешинин VI чакырылышын кезексиз 10-сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу (910 кожолук) ар бир кожолугуна 50 сом ѳлчѳмүндѳ ѳз ара салыгы бекитилсин.

2. Жогорудагы кожолуктардын арасынан группасы 1-2-топтогу майыптарга жана согуштун ардагерлерине Баткенчи, Авганчы жана кѳп балалуу кожолуктар ѳз ара салыгынан жана там арка салыгынан 0,15га өлчөмүндө жеӊилдиктер берилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы салыкчы А.Садыковага милдеттендирилсин

 

Төрага

Б.Сатыгулов