Редакцияот 12.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII сессиясынын (бешинчи чакырылышы)

2018-жылдын 12-октябры № 6

2018-жылдын IV кварталына карата Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин чыгаша бɵлүгүнɵ ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин XXI главасынын 109,115-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин чыгаша бɵлүгүнɵ ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин;

Кемитилсин;

а) 2215- айыл чарбасы статьясынан - 100,0 миң.сом

б) 3111 –ЖКХ статьясынан - 100,0 миң.сом

в) 2221- ЖКХ статьясынан - 558,0 миң.сом

 Жыйынтыгы : - 758,0 миң.сом

Кошулсун;

а) Кызматтык автомашинанын ремонтуна + 20,0 миң.сом

б) №75 М.Жаманкулов а/о мектебине ПСД даярдатууга +100,0 миң.сом

в) №12 Отуз-Адыр орто мектебине ПСД даярдатууга + 70,0 миң.сом г) Отуз-Адыр айылынын аллеясынын түндүк-батыш

тарабына брусчатка бастырууга + 72,0 миң.сом

д) Трансформатор сатып алууга + 353,0миң.сом

е) Арча сатып алууга + 100,0 миң.сом

е) Башка чыгымдарга +43,0 миң.сом

 Жыйынтыгы; + 758,0миң.сом

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)

3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)

 

Төрага

А.Д.Беделов