Редакцияот 22.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАӉЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2018-жылдын 22-октябры № 14/2

Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кошумча смета бекитүү жөнүндө

Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылөк мөтүнүн бюджетине киреше бөлүгү артык сылыгы менен аткарылып кошумча смета бекитүү, айылдык Кеӊештин «план жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, депутаттардын Жаӊы-Арык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылга карата Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн кирешелердин эсебинен 1141.6 миӊ сом өлчөмүндө кошумча смета бекитилсин.

2. Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетине пландан ашыкча түшкөн киреше 1141.6 миӊ сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.

3. 2018-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаӊы-Арык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысыТ.Абдибаитованын 9 ай жыйынтыгы боюнча тапшырылган отчету кабылалынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаӊы-Арык айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Осумбеков