Редакцияот 26.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 26-октябры №2

 «Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчету»

Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.  Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө отчету канаатандырарлык деп табылсын.

2.  Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.И. Тагаев