Редакцияот 07.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XVI- сессиясы

2018-жылдын 07-майы № 61

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларын капиталдык ремонттоо үчүн акча каражатын чечүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системалары жараксыз абалга келип калгандыктан капиталдык ремонттоо үчүн акча каражатын чечүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларын оңдоого айыл өкмөтүнүн акча каражаты жетишпегендиктен, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П.А.Эсеналиев