Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 7-июлу ПЖ № 220

"Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентиннн 2003-жылдын 5-мартындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешиндеги өкүлчүлүктү кеңейтүү максатында жана Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин өз курамы боюнча сунуштарын эске алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 82 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин курамынан төмөнкү адамдар чыгарылсын:

Ж.Ж. Тойгонбаев, С.Б. Бозгунбаев, Э.И. Ибраев, С.М. Мамбеткалиев, В.М. Плоских;

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Демократиялык коопсуздуктун Коомдук кеңешинин курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:

Кеңештин тең төрагасы катарында:

 

Мамбеткалиев Султан - Чүй университетинин ректору;

Мамбеткалиевич

 

Кеңештин мүчөлөрү катарында:

 

Бейшембиева Айгүл - "Парклетос" коомдук кайрымдуулук фондунун директору;

Дүйшөбековна

 

Жеенбаев Жаныбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Жеенбаевич

 

Какеев Аскар - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;

Чукутаевич

 

Нифадьев Владимир - Кыргыз-Россиялык (Славян) университетинин ректору.

Иванович

2. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

                Президенти

 

А.Акаев