Редакцияот 29.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы 

2018-жылдын 29-октябры № 10

“Бекташев Жапардын наамын көчөгө берүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Кара-Чолок айылынын айыл башчысы Б.Суюнбаевдин кайрылуусун айылдык кенештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Чолок айылындагы Апышов Калкаштын үйүнөн Токтомбетова Жибектин үйүнө чейин Бекташев Жапардын наамы берилсин.

2. Көчөнүн аягына чейин көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Ж.Бекташевдин балдарына жүктөлсүн.

3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Чолок айылынын айыл башчысы Б.Суюнбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч.Тайгараев