Редакцияот 21.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V- шайланган) кезектеги ХХVIII-сессиясы

 

2016-жылдын 21-майы № ХХVIII-1

2016-жылдын 1-кварталында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

 2016- жылдын I-кварталында айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды. 2016- жылды Республикабызда «Тарых жана маданият жылы» жана облусубузда “Тарыхый маданий мурастарды колдоо жана туримди өнүктүрүү жылы” , ал эми районубузда “Тарыхый мурастар аркылуу улуттук педагогиканы жандандыруу жылы” жылы деп жарыяланган. 2016- жылды айыл өкмөтүндө “Тарыхый маданий мурастарды сактоо аркылуу улуттар арасындагы ынтымактуулукту чындоо жылы” деп жарыяланган. Жарыяланган жыл үчүн айыл өкмөтү атайын иш – чаралар иштеп чыгып, айыл кеңеши тарабынан бекитилген. Айыл өкмөтүнүн 2016- жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү программасына 29 (жыйырма тогуз) долбоор киргизилип, азыркы күндө 22 долбоор аткарылды.Айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жылдын 1-кварталында инвестиция жана элди мобилизациялоо менен аткарылган иштердин көлөмү 348,4 миң сомду түзөт. Анын ичинен . жамаатардын эсебинен 100 миң сом.

 Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХVIII-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. 2016-жылдын 1-кварталында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлы деп табылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-кварталындагы бюджеттин кирешеси 3 млн 939,2 миң сом, чыгаша бөлүгү 4 млн 147,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын калган бөлүгүндөгү негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:

-айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

И.Ташматов