Редакцияот 12.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXVI

2018-жылдын 12-ноябры № 63

Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев мектебинин түштүк тарабындагы 0,01га жерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев мектебинин жанында 0,01га жер аянтты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев мектебинин жанындагы 0,01га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Каламбеков