Редакцияот 03.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 03-декабры № 1

Республикалык бюджеттен келген акча каражаттарды пайдалануу жөнүндө

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 20.11.2018-жылдагы №01-21/564 сандуу кайрылуусунун негизинде республикалык бюджеттен келген акча каражатын пайдалануу жөнүндө ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен келген 800,0 миң сом акча каражаты Таран-Базар жана Кара-Чолок айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулмалар) статьясына жумшалсын.

2.    Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана планга тактоо киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

3.    2018-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жагы КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы  Д. Бакировко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ч.Тайгараев