Редакцияот 13.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз 20 заседаниеси

2018-жылдын 13-нояябры № 20/4

Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 09-ноябрындагы № 1 протоколун бекитүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 09-ноябрындагы № 1 протоколунда сунушталган талапкер жөнүндөгү жооптуу катчы А.Абдиеванын билдирүүсүнүн негизинде

Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XХ заседаниеси

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган Нышанов Калмурза Чымынтаевич жөнүндөгү Жаңы-Турмуш айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 09-ноябрындагы № 1 протоколу бекитилсин. (тиркелет).

Жаңы-Турмуш айылынын тургуну К.Ч.Нышанов Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталсын.

Токтомду Алай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы жооптуу катчы А.Абдиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Боронов