Редакцияот 16.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ленин айылдык Кеңешинин IX сессиясы

 

2018-жылдын 16-апрели №11

Жайыт комитетинин тракторун иштетүүгө тарифин иштеп чыгуу үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңыдан келип түшкөн эксковаторго керектүү тарифтерин иштеп чыгууга төмөндөгүдөй курамда 9-кишиден турган комиссия түзүлсүн:

Казакбаев Кубат – айылдык кеңештин депутаты;

Койчуманов Байыш – айылдык кеңештин депутаты;

Тунгатаров Аргымбай – айылдык кеңештин депутаты;

Желчемшев Убраим – айылдык кеңештин депутаты;

Атабаев Ашим – Ленин айылынын айыл башчысы;

Курманалиев Кочкорали – айыл өкмөттүн экономист-статисти;

Рыспаев Жулкунбай – Орто-Сай айылынын айыл башчысы;

Арзыкулов Сооронбек – Жыгач-Коргон айылынын айыл башчысы;

Кеңешбаев Манас - жайыт комитетинин төрагасы.

2. Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Манас Кеңешбаевке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Кеңешбаев