Редакцияот 16.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ленин айылдык Кеңешинин IX сессиясы

 

2018-жылдын 16-апрели №12

Курулуп жаткан футбол аянтчасына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

Төлөнов Аттокур – Ленин айылдык кеңешинин депутаты;

Бусурманкулов Калысбек – Ленин айылдык кеңешинин депутаты;

Казакбаев Кубат – Ленин айылдык кеңешинин депутаты;

Мамырасулов Мамасыдык  - Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис;

Атабаев Ашим – Ленин айыл өкмөтүнүн жер адиси;

2. Курулуш иштерин бүткөрүүгө бөлүнгөн акча каражатын сарамжалдуу пайдалануу менен футбол аянтчасынын курулуш иштерин 2018-жылдын сентябрь айына бүткөрүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосуновко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага

М. Кеңешбаев