Редакцияот 21.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

2018-жылдын 21-сентябры №26/3

Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы 1959-жылы курулуп бүткөрүлгөн эски мончону жеке менчике берүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы 1959-жылы бүткөрүлгөн эски мончону жеке менчике берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы 1959-жылы курулуп бүткөрүлгөн эски мончо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке менчикке берилсин.

2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Назаров