Редакцияот 03.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Булак айылдык Кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы

 

2018-жылдын 3-декабры № 17

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин долбоорлордун алкагында болуп жаткан проектилерге өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт коомитетинин башчысы У.Талиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин кезектеги 16- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин Арис уюму тарабынан каржыланып жаткан ПРЖР -2 долбоорлордун алкагында болуп жаткан проектилердин өздүк салымы үчүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 750000 ( жети жүз элүү мин )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Тилеков