Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII -чакырылышынын 19-сессиясы

 

2018-жылдын 30-ноябры № 5

Райондук өнүктүрүү фондуна жана областтык өнүктүрүү фондуна каралган 3 долбоорго айыл Өкмөтүнүн өздүк салымына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 19-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Райондук өнүктүрүү фондуна жана областтык өнүктүрүү фондуна каралган 3 долбоорго айыл Өкмөтүнүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектелүүчү акча каражаты ажыратылып берилсин.

3. Жогорудагы акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.

4. Райондук өнүктүрүү фондуна жана областтык өнүктүрүү фондуна даяр долбоорлор жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев