Редакцияот 10.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2018-жылдын 10-октябры №14/3

Чет-Нура айылына остановка (аялдама) салуу жөнүндө

Чет-Нура айылынын тургуну, айылдык Кеңештин депутаты Ажыбеков Жумабектин Чет-Нура айылынын кире бериш жерине остановка (аялдама) салуу үчүн жазган арызынын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айылынын тургуну, айылдык Кеңештин депутаты Ажыбеков Жумабекке Чет-Нура айылынын кире бериш жерине остановка (аялдама) салууга уруксаат берилсин.

2. Остановка (аялдама) салууга жер тилкесин бөлүп берүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков