Редакцияот 14.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV-чакырылышынын XХI-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 14-ноябры №107

Айылдык кеӊештин депутаттарынын Этика кодексин бекитүү жөнүндө

КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча малекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-октябрыдагы №01-25/437 катын аткаруу максатында Ак-Татыр айылдык кеӊешинин сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КРнын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын Типтүү Этикалык Кодекси-нин негизиде иштелип чыккан Ак-Татыр айылдык кеӊешинин депутатарынын этикалык кодекси бекитилсин.

2. Айылдык кеӊеште түзүлгөн этика комиссиясы ушул этикалык кодекске ылайык өз ишмердүүлүүн алып барсын.

3. Ак-Татыр айылдык кеӊештин ар бир депутаты бул кодекстин беренелерин сактоого милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

М. Иметов