Редакцияот 14.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV-чакырылышынын XХI-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 14-ноябры № 109

Ооруулуу малдардын сөөктөрүн көмүү үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспексиясынын Баткен райондук башкармалыгынын 2018-жылдын 17-октябрындагы № 18 милдеттенмесинин негизинде жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ветадиси Акматов Имамалинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагыда фитосанитардык коопсуздукту сактоо максатында ооруулуу малдардын өлүгүн зыянсыздандыруу үчүн атайын 0,5га жер бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Иметов