Редакцияот 14.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV-чакырылышынын XХI-кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 14-ноябры № 110

Кызматкерлердин иш сапар чыгымдары жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин райондук мекемелерге кызматтык алака үчүн барып келүүсү чыгашаларын төлөп берүү боюнча арыздарын угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин райондук мекемелерге кызматтык алака үчүн барып келүүсү үчүн 260 сом төлөнүп берилсин.

2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагыда фитосанитардык коопсуздукту сактоо максатында ооруулуу малдардын өлүгүн зыянсыздандыруу үчүн атайын 0,5га жер бөлүнүп берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Иметов