Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ленин айылдык кеңешинин XV сессиясынын

 

2018-жылдын 26-декабры № 1

Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлеринин ижара акысын көбөйтүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XV сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайра бөлүштүрүү фондунун бардык жеринин ар бир гектарына ижара акы 200(эки жүз) сомдон кошулсун.

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Кеңешбаев