Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 1
Нарын шаарынын 2018-2022 жылдарга өнүгүү программасынын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 «Кыргыз Республикасынын Аймактык саясатты өнүктүрүү концепциясынын 2018-2022-жылдарга карата бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Нарын шаардын 2018-2022 жылдарга өнүгүү программанын долбоору иштелип чыккан. Программаны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун эксперти жана экономика министрлигинин адистери тарабынан эксперттик жардамдар көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 44-беренесине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 58-беренесине ылайык жана Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын 2018-2022 жылдардагы өнүгүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы өнүгүү программасын аткарууга карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан жеткиликтүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыл сайын аткарылган иштер боюнча сессияда маалыматтар берилсин.
Төрага | Ж. Ботоканов |
НАРЫН ШААРЫНЫН
2018-2022-ЖЫЛДАРДАГЫ ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ
МҮНӨЗДӨМӨ
КИРИШ СӨЗ 3
I. ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ШАРТТАР 4
1.1. Географиялык жагдай 4
1.2. Экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттары. Региондорду өнүктүрүү чекити 5
II. МАКСАТТУУ ТОПТОРДУ ТАНДОО ЖАНА КҮТҮҮЛӨР 13
2. 1 Максаттуу топтордун туруктуу негизги күтүүлөрү жана баалуулуктары 13
III. НАРЫН ШААРЫНЫН 5 ЖЫЛ ИЧИНДЕ ӨНҮГҮҮДӨН КИЙИНКИ КӨРҮНҮШҮ 14
IV. ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ 15
4. 1 Нарын шаарынын экономикалык, инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу 15
4.2. Региондор менен кластердик багытта иш алып баруу 21
V. КАРЖЫЛЫК МОДЕЛИ 23
5.1. Жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуу 23
5.2. Жергиликтүү чыгымдарды оптималдаштыруу 24
5.3. Муниципалдык кызматтарды жакшыртуу саясаты 24
5.4. Инвестициялык саясат 25
5.5. Эл аралык мамилелер жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк 25
VI. МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО СИСТЕМАСЫ 26
6.1. Мониторинг жана баалоо системасынын түзүлүшү 26
6.2. Өнүгүү программасын ишке ашыруудагы аткаруучулар 27
VII. ТОБОКЕЛДИКТЕР 27
VIII. Долбоорлордун жыйын таблицасы 28
КИРИШ СӨЗ
Алдыӊыздардагы «Нарын шаарын 2018-2022-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү программасы», 2017-жылдын 31-мартындагы №194 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Аймактык саясатты өнүктүрүү концепциясынын 2018-2022-жылдарга карата бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде иштелип чыккан жана адистердин, ишканалардын жетекчилеринин, ɵндүрүшчүлɵрдүн,жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин биргелешкен эмгегинин жемиши десем жаӊылышпайм.
Сиздер менен бизге жаӊы доорду кабыл алуу жана анда жашоо бактысы буюрган. Биздин артыбыздан келечектин жаӊы мууну ɵсүп-келе жатат. Биз алар менен бирге улуу кɵчтүн жолун улап, бизге чейинки муун калтырып кеткен жетишкендиктерди толуктап, аларды улантуубуз зарыл.
Бул үчүн дүйнɵлүк тажрыйба далилдегендей, экономикалык ɵнүгүүнүн стратегиялык планы керек. Туруктуу ɵнүгүү-адамзат коомунун ɵз ара жана табигат менен болгон биримдиги. Глобалдык ɵнүгүүнүн шартында алдыдагы перспективаны даана элетсетпей жашап, иштɵɵ кооптуу. Андыктан айлана-чɵйрɵбүздɵ жана биздин аймагыбызда кандай процесстер жүрүп жатканын, алдыда эмнелер күтүп турганын, аларга кантип ыӊгайлашуу керектигин алдын ала билүүбүз талап кылынат. Стабилдүү ɵнүгүшү үчүн Нарын шаарын облустун административдик, ɵндүрүштүк, илимий, маданий, билим берүү жана сервистик борбору катары карап, ушул кɵз карашты бекемдешибиз керек. Муну менен катар, албетте, балдарыбыз жана жаштарыбыз маданияттуу чɵйрɵдɵ жана жогорку моралдык коомдо ɵнүгүүсү үчүн жылдан жылга биздин шаарда ыӊгайлуу, сергек, байгер жашоо болуусу шарт. Ошондой эле жеткиликтүү билим алууга, илимдеги, ɵндүрүштɵгү, кызмат кɵрсɵтүүдɵгү бийиктиктерди багындырууга, жаӊы муунду татыктуу тарбиялоого жана шаардан жакшы жашоого зарыл болгон ресурстарды алууга мүмкүнчүлүк болуусу зарыл.
Шаарыбыздын ɵнүгүү программасы далилдегендей, бизде мындай мүмкүнчүлүктɵр башталды.
Эгерде стратегияда кɵрсɵтүлгɵн милдеттерди иш жүзүнɵ ашырууга жалпылап салым кошсок жогорудагы перспективаларга жетүүгɵ толук шарт түзүлɵт деп ойлойм. Шаарыбыздын тургундары ийгиликтин жаратманы болгон негизги сапаттарды-иштегенди, алдыдагы максаттарга жеткенди, кыйынчылыктарды жеӊгенди билсе сɵзсүз ийгилик жаралаарына тереӊ ишенем!
Нарын шаарынын мэри Э. А. Алымкулов
ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ШАРТТАР
Географиялык жагдай
Нарын шаары - Нарын облусунун административдик, саясий-экономикалык, өнөр жай жана маданий борбору жана Кыргызстандагы чакан шаарлардын бири. Нарын шаары тоолордун толтосунда, Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Нарын шаары 1868-жылы түптөлүп, 1927-жылы шаар катары статус алган. 1939-жылы Нарын шаарына Нарын (Тянь-Шань) облусунун борбору статусу берилген.
Ал эми 2004-жылы Нарын шаарына мыйзамдын негизинде облустук маанидеги шаар статусу ыйгарылгандан тартып шаарга ɵз алдынча башкаруу укугу берилип, бул жылдар аралыгында замандын талаптарына ылайык калктын жашоо шартынын жакшырышына, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгɵ, шаарды социалдык-экономикалык ɵнүктүрүүгɵ аракеттер кɵрүлүп, тийиштүү салымдар кошулуп, Нарын шаарынын азыркы келбети жаралып олтурат.
Шаар функционалдык ар түрдүүлүгү, географиялык өзгөчө орун алуусу жана климаттык шарты менен айырмаланып, анын мүнөзүн аныктап турат. Шаарды түштүгүнөн Ала-Мышык (эң бийик жери – 3379 м, орточо бийиктиги 3200 м) жана Нарын-Тоо (эң бийик жери - 4499 м, орточо бийиктиги 4200 м) тоолору курчап турат. Шаар суунун деңгээлинен 5-6 м бийик жаткан биринчи эле тектирде жайгашкан. Шаар турган өрөөндүн жазылыгы 300-500 метрдей.
Кышында жалпы аймак сыяктуу эле жогорку басымдагы аба массасы Сибирь антициклону аркылуу келип турат. Бул тоо арасындагы жалпы туюк өрөөндөр сыяктуу эле Нарын шаарынын чөлкөмүнө дагы муздак абанын тунуп туруп калышына себеп болот. Кышкы мезгилде катуу суук болгондуктан, жер кыртышынын тоңушу – 120 см, ал эми түшкөн кардын калыңдыгы 60 – 80 смге жетет. Түшкөн орточо кардын калыңдыгы – 21 см. кескин континенталдуу мелүүн климатта Нарын шаарындагы метеостанциянын маалыматы боюнча, январдын орточо температурасы -17,1°С, төмөнкү температура -38°-40°Cны түзөт. Июлдун орточо температурасы +17,2°C, эң жогорку температура +37°C. Кышы кургакчыл, ызгаардуу, узактыгы 145-165 күн. Жайы негизинен мелүүн, кургакчыл. Жылдык жаан-чачыны 250 – 300 мм., анын 70%ы апрель – октябрь айларына түшөт.
Нарын шаарынын негизги суу артериясы – Нарын дарыясы. Ал Кыргызстандагы мөңгү, кар, жер алдындагы (булак) суулардан куралган эң ири жана суусу мол дарыя, Сыр-Дарыянын оң курамы. Узундугу - 534 км (Чоң-Нарынды кошкондо – 807 км), алабынын аянты – 58370 чарчы километр. Нарын гидроэнергетика ресурстарына өтө бай. Учурда Нарын алабында Ат-Башы, Токтогул, Үч-Коргон, Таш-Көмүр ГЭСтери иштейт.
Нарын шаарыБишкек шаарынан 365 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 180 чакырым, “Торугарт” контролдук-текшерүү пунктунан 186 чакырым алыстыкта турат.
Нарын шаары Нарын облусунун батыш жагынан Ак-Талаа району менен, түштүк жагынан Ат-Башы району менен ал эми күн чыгыш тарабынан Нарын району менен чектелет. Аталган райондордун өзгөчө климаттык шарттары, суу ресурстары жана сугарылган жер тилкелери менен айыл чарба продукциясын өстүрүүгө ылайыктуу жакшы шарттары бар. Ошондуктан аталган райондордо өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн Нарын шаарына кайра иштетүү ишканаларын ачууга мүмкүнчүлүк бар.
Аталган 3 райондун бүгүнкү күндөгү калкынын саны 150 миң кишини түзөт. Бул райондордон күнүнө Нарын шаарына болжол менен 30 мин адам кирип чыгат, келечекте бул көрсөткүч 3 эсеге көбөйөт. Бул үч район келечекте Нарын шаары менен экономикасы, социалдык-саясий турмушу, көрүнүктүү маданият очогу бириккен борбору Нарын болгон өзүнчө аймак катары өнүгөт.
Экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттары. Региондорду өнүктүрүү чекити
Өнөр жай жана өндүрүш мүмкүнчүлүгү
Нарын шаарынын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү
| 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. | 2017-ж. |
Калктын саны, мин адам | 35949,0 | 36495 | 37047 | 37720 | 38205 | 38861 |
Тышкы мигранттар | -/29 | 2/26 | -/15 | 2/26 | 6/12 | 6/12 |
Өнөр-жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү, млн сом | 593,2 | 583,1 | 646,1 | 758,3 | 773,8 | 908,9 |
Физикалык көлөмдүн индекси | 106,7 | 98,3 | 106,3 | 94,0 | 99,9 | 110,3 |
Сооданын, анын ичинде коомдук тамактануунун жүгүртүүсү, млн сом | 1448,5 | 1630,1 | 1796,1 | 2134,5 | 2291,5 | 2502,6 |
Мейманкана жана ресторандардын товар жүгүрүүлөрү, млн сом | 30,8 | 32,3 | 30,2 | 39,9 | 48,2 | 31,7 |
Калкка кызмат көрсөтүү көлөмү, млн сом | 565,0 | 593,7 | 567,2 | 600,1 | 635,8 | 681,4 |
Негизги капиталга инвестициялар (капиталдык салымдар), млн сом | 276,9 | 585,6 | 1414,1 | 1763,7 | 2644,3 | 424,8 |
Турак-жайларды ишке киргизүү, млн. м2 | 1,2 | 7,6 | 11,2 | 5,9 | 6,5 | 7,2 |
Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны | 1668 | 1703 | 1678 | 1506 | 1528 |
|
Ишкана жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык акысы, сом | 12148,0 | 13073,8 | 14701,2 | 16366,4 | 17980,3 | 18568,9 |
Импорттолгон товарлардын көлөмү мин АКШ доллары | 344,7 | 3520,5 | 6937,9 | 11313,5 | 6656,1 | 1920,3 |
Товарлардын экспорттоо көлөмү (мин АКШ долл) | 63,7 | 86,7 | 31,6 | 1355,4 | 476,6 | 533,3 |
Экономиканын өсүшү ички суроо талаптардын өсүшүнө ылайык жүргүзүлөт. Негизги экономиканын секторлору болуп кайра иштетүү, өндүрүш тармагы жана кызмат көрсөтүү болуп эсептелет. Өндүрүштүн алдынкы өнүккөн тармактары болуп айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, тамак-аш продукцияларын жана курулуш материалдарын чыгаруу болуп эсептелинет.
Эң негизги өнүгүүгө багыт берген тармактардын бири - кайра иштетүү өнөр жайы, себеби ЕАЭБ бирлигине жана алыскы чет өлкөлөргө чыгарылган продукцияны экспорттоо менен иштеп жаткан ишканалардын бирден бир койгон максаттары болуп саналат. Азыркы учурда Нарын шаарында төмөндөгү ишканалар иш алып барууда: «Нарын-Келечек» муниципалдык набайканасы, ”Нарын-Береке” сүттү кайра иштетүүчү цехи, “Даам”, “Жамал” кондитердик цехтери. Бул ишканалар Нарын шаарында жана жакынкы райондор боюнча өнүккөн өнөр жай ишканалардын алдынкылары болуп, жакынкы аймактардагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен өнүгүүгө түрткүберет деген ишеним бар.
Аталышы | Мал башынын саны |
| |||||||
ИИМ | КОЙ-ЭЧКИ | ЖЫЛКЫ | КАНАТТУУЛАР |
| |||||
Нарын району | 39352 | 239297 | 26009 | 32481 |
| ||||
Атбашы району | 39851 | 247482 | 26937 | 22989 |
| ||||
Акталаа району | 17351 | 126541 | 12350 | 31034 |
| ||||
Нарын шаары | 2804 | 25126 | 1541 | 6549 |
| ||||
|
|
|
|
|
| ||||
Продукциянын аталышы | Акталаа району | Атбашы району | Нарын району | Нарын шаары | БААРЫ | ||||
Эт (тонна) | 7309 | 10195 | 11750 | 843 | 30097 | ||||
Сүт (тонна) | 16593 | 24309 | 30140 | 1511,5 | 72653,8 | ||||
Жумуртка (миң даана) | 886 | 1397 | 1076 | 935 | 3727,7 | ||||
Жүн (тонна) | 280,0 | 509,0 | 362,0 | 40,2 | 1191,5 | ||||
Буудай (тонна) | 3737,7 | 40,3 | 2078,9 | - | 5856,9 | ||||
Арпа (тонна) | 4166,4 | 3409,3 | 6188,7 | - | 13764,4 | ||||
Картошка (тонна) | 4579 | 24336,8 | 8853,9 | 43,4 | 37813,2 | ||||
Жашылча жемиш | 1532,5 | 434,9 | 1090,2 | 39,0 | 3096,6 | ||||