Редакцияот 11.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясы

 

2018-жылдын 11-декабры № 63

Таштанды салыгын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын планынан алуу жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндөгү таштандыларды жыйноо үчүн салыгын кыскартуу боюнча даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Дара-Тазалык” ишканасы уюштурулгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүндөгү таштанды салыгы 2018-жылдын салык боюнча планынан алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Султанов