Редакцияот 26.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11-сессиясы

 

2018-жылдын 26-февралы №11/4

«Кыргызтелеком» ААК Нарын облустук филиалынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн 21.02.2016-жылдагы №06-20/15 каты жөнүндө

 «Кыргызтелеком» ААК Нарын облустук филиалынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн 21.02.2016-жылдагы №06-20/15 катында учурда имараттын АТР турган бөлүгүн мөөнөтсүз пайдалануу үчүн берүүнү сурап кайрылган. Маселенин жүрүшүндɵ муниципиалдык менчиктеги мүлктү бербеш керек деген пикирлер орун алды. Жогорудагыларды белгилеп Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  «Кыргызтелеком» ААК Нарын облустук филиалынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн 21.02.2016-жылдагы №06-20/15 каты канаттандыруусуз калтырылсын.

 

Төрага

Г. Каналиева