Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры №18/68
Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жайыт комитети жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 24–июлундагы №15 протоколунун чечимин, Кызыл-Кыя шаарынын «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018–жылдын 2–июлундагы №05 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жайыт комитетине (ЖК) шаардык кеңештин төмөнкү депутаттары мүчө болуп бекитилсин:
Халмурзаев Данияр Абишевич,
Кабулов Толкунбек Тургунбаевич,
Кудайбергенов Кенжебай Тиленович.
Каарова Азада Маматовна.
2. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018–жылга карата жайыт пайдалануу планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018–жылга бюджети №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).
4. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) 2018–жылы АРИС аркылуу келген автогрейдерди пайдалалануу боюнча тарифи №3 тиркемеге ылайык бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет). Тарифтин сакталышын жана түшкөн акча каражатын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэриясына жүктөлсүн.
5. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин автогрейдерди пайдалалануу боюнча келишим баланкасы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин (№4 тиркеме тиркелет).
6. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жайыттарды пайдалануунун тартип эрежелери №5 тиркемеге ылайык бекитилсин (№5 тиркеме тиркелет).
7. Кызыл-Кыя шаарынын «Караван» аймактык башкармалыгына караштуу «Ак–Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу үчүн ар бир баш мал-жандыка алынуучу, жайытты башка максаттарга пайдалангандар үчүн жайыт акы төлөө боюнча тарифи жана жайыт акыны чогултуу графиги №6 тиркемеге ылайык бекитилсин (№6 тиркеме тиркелет).
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2018-жылдын 11–октябрындагы кезектеги
18-сессиясынын №18/68 токтомуна №1-тиркеме
Жайытты пайдалануунун жылдык планы
Ак-Булак ЖПБнын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
№ | КӨРСӨТКҮЧТӨР | ЧЕНЕМ БИРДИГИ | ЖАЛПЫ |
| Айыл аймак боюнча элдин саны | адам | 50 216 |
| Эркек кишилер | адам | 23 601 |
| Аял кишилер | адам | 26 615 |
| Айыл аймак боюнча кожолуктун саны | саны | 2550 |
| Жалпы айыл аймагынын территориясынын аянты | га | 5200 |
| Бардык жери | гa |
|
| Айыл чарабасына жарактуу | гa | 2014 |
| Жалпы жайыт аянты | гa | 1132 |
| Айдоо жердин жалпы аянты | гa |
|
| Ири мүйүздүү мал | баш | 1906 |
| Кой/эчки | баш | 7937 |
| Жылкы | баш | 159 |
| Төө | баш | 0 |
| Топоз | баш | 0 |
| Эшек
| баш | 0 |
| Баардыгы | баш | 10002 |
| Баардык шарттуу мал башы |
| 3652 |
Акбулак айылаймагынынЖайыткомитетинин 2018-жылга жылдык планы
№ | Иш-чаралар/аракеттер | айлар | Ким жооптуу | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
1 | ЖБжМЧОП иштеп чыгуу (жаныртуу) | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жумушчу топ |
2 | ЖБжМЧОП тааныштыруу |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жумушчу топ |
3 | ЖБжМЧОП жергиликтуу органдан бекитуу |
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК торагасы |
4 | Жайыт билеттерин беруу, узартуу |
|
|
| Х | Х |
|
|
|
|
|
|
| ЖК торагасы |
5 | Малдын ден соолугун коргоо боюнча иштерди аткаруу |
|
| Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
| МДК тобу |
6 | Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жургузуу |
|
|
| Х | Х |
|
|
| Х | Х |
|
| МжБтобу |
7 | Жайыт пайдалануу пландарынын аткарылышына козомол |
|
|
|
|
| Х |
|
|
|
| Х |
| АК, ЖК, ТК, ЖПБ мучолору |
8 | Жайыттын абалын жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышына козомол |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х | АК, ЖК, ТК, ЖПБ мучолору |
9 | Гендердик тенчиликти аткаруу боюнча иш-чараларды аткаруу |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х |
|
| Х | ЖК торага |
10 | Жайыттардын абалына мониторинг жургузуунун жана жайыттардын сыйымдуулугуна анализ |
|
|
| Х |
|
|
|
| Х |
|
|
| ЖК торага, МжБтобу |
11 | ЖБжМЧОП аткарылышы боюнча ЖПБ отчет беруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | ЖК торага, мучолору |
12 | ЖБжМЧОП аткарылышы боюнча жергиликтуу органдарга отчет беруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | ЖК торага |
13 | Мал санак уюштуруу | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Комиссия |
14 | Жайыттарды жакшыртууга жана башкарууга коюлган долбоорлорду ишкеашыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| КДтоптун мучолору, ЖК торагасы, ТК |