Редакцияот 28.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2019-жылдын 28-январы № 74

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1 жылдык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө 2019-жылдын бюджетинин бекитилиши жөнүндө

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1 жылдык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмиранын маалыматын угуп Кетмен-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бир жылдык бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБ башчысы Карымшакованын отчету жактырылсын.

2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджеттин жалпы киреше чыгаша бөлүгү (атайын каражатты кошкондо ) 13025,7 миң сомго бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Карымшакова Гулмирага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

О. Б. Көксариев