Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 77
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартын жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү 2014-жылдын 25-июнундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-11-беренелерин жетекчиликке алып муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартын жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө маселе талкууга коюлду. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Эсенбекова Жылдызкан Жуманазаровна иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси менен тааныштырды.Сессияга чейин 21-январында айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин отурумунда , 25-январь күнү туруктуу комиссиялардын отурумунда каралып талкуулангандыгы жөнүндө маалымат берилди.Айыл өкмөтүндөгү кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандартын жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүсүнүн типтүү стандарты жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Ар бир кызматкердин калкка кызмат көрсөтүүдөгү жоопкерчилиги айыл өкмөт башчысы тарабынан суралсын.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Б. Көксариев |
“Бекитилди”
Кетмен –Дөбө атындагы айылдык
Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын
28.01.2019-жылдагы №_______-токтому
Муниципалдык кызматтын паспорту | ||
1. | Кызматтардын аталышы | Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кароосуз жарандарга жана калктын аярлуу катмарына материалдык жардам кѳрсѳтүү |
2. | Кызмат көрсөтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын аталышы | Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү Токтогул району Жалал-Абад областы
|
3. | Муниципалдык кызматтын пайдалануучулары | Жылына бир жолу кѳрсѳтүлѳт: - 1 группадагы инвалид; эгерде багууда болсо, суммасы комиссиянын чечиминин негизинде, айыл ѳкмѳтүнүн учетунда, соцпаспортто туруш керек, ѳзгѳчѳ маанилүү шарттар пайда болгон учурларда комиссиянын чечими менен; - кароосуз кары картандар; айыл ѳкмѳтүнүн учетунда болуш керек, ѳзгѳчѳ маанилүү шарттар пайда болгон учурларда комиссиянын чечими менен; -тоголок жетим , 16 жашка чейинки баардык балдарга; ѳзгѳчѳ маанилүү шарттар пайда болгон учурларда комиссиянын чечими менен; - Ѳтѳ жакыр, үй бүлѳгѳ; айыл ѳкмѳтүнүн учетунда болуш керек, ѳзгѳчѳ маанилүү шарттар пайда болгон учурларда комиссиянын чечими менен.
|
4. | Муниципалдык кызматты алууга укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (ст. п, аб.); КР Мыйзамы «ЖѲБ органдары жѳнүндѳ»(п.20, 21 ст.18); КР Мыйзамы«Социалдык коргоо жѳнүндѳ» Жарандык Кодекси Жергиликтүү жамааттын Уставы
|
5. | Көрсөтүлүп жаткан муниципалдык кызматтын аяккы натыйжасы | АК токтому бекитет-чыгат, АО буйругу менен ишке ашырат . |
6. | Муниципалдык кызматты көрсөтүү шарттары | Кызмат кѳрсѳтүү тѳмѳнкү шарттарда кѳрсѳтүлѳт: - санитардык нормага жооп берген - аялдар - эркектер - акысыз кызмат алуу -кезекке туруу -маалымат такчада маалымат илинет
|
7. | Муниципалдык кызматты көрсөтүү мөөнөтү | Бул кызмат ар бир муктаж адамдарга бир жылда бир жолу кѳрсѳтүлѳт -арызы кабыл алынгандан кийин 14 күн ичинде. |
Муниципалдык кызматты алуучуларга маалымдоо | ||
8. | Пайдалануучуга көрсөтүлүп жактан муниципалдык кызмат тууралуу маалымдоо | Муниципалдык кызматты алуунун маалыматын алууга: - Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн электрондук сайтынан http://ketmendobo.com жана жаштардын мултимедия борборунун сайтынан http://akbakai.kyrgyzmedia.com/ же болбосо, телефон байланыштары аркылуу; - Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтү тарабынан уюштурулган элдик жыйындардан, кеңешмелерден, чогулуштардан; - Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн маалымат тактасынан, буклет, брошюраларынан; - жергиликтүү газетасынан (Шамшыкал), - Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде билдирилет.
|
9. | Муниципалдык кызматты таратуу жолдору | Муниципалдык кызматты алуунун маалыматын алууга: - Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн электрондук сайтынан http://ketmendobo.com жана жаштардын мултимедия борборунун сайтынан http://akbakai.kyrgyzmedia.com/ же болбосо, телефон байланыштары аркылуу;- Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтү тарабынан уюштурулган элдик жыйындардан, кеңешмелерден, чогулуштардан; - Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн маалымат тактасынан, буклет, брошюраларынан; - жергиликтүү газетасынан (Шамшыкал) - Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде билдирилет. |
Муниципалдык кызматты тейлөө жана көрсөтүү | ||
10. | Кардарлар менен мамиле кылуу | Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн аппарат кызматкерлеринин кызматтык функционалдык милдеттери бекитилип, өз компетенциясынын алкагында иш алып баруу; Ар бир кызматкердин отурган кабинетинин сыртына аты-жөнү, кызмат жөнүндө маалымат тактасын илүү; Жарандарды кабыл алууда проффесионалдык, этикалык нормаларды сактоо менен өз ара кызыкчылыктарынын кагылышуусунун алдын алуу; |
11. | Купуялуулукту (конфеденциялдуулук) камсыздоо | Керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде каралган. |
12. | Кызмат пайдалануучу тарабынан керектелген документтердин жана иш аракеттердин тизмеси | -Арызы -майыптыгы боюнча тактама -паспорт |
13. | Акы төлөнүүчү кызматтын баасы | Кызмат көрсөтүүлөр акысыз; |
14. | Кызмат сапатынын мүнөздөгүчтөрдү (параметрлери) | МК көрсөтүү төмөнкү критерийлердин негизинде көрсөтүлөт: - көрсөтүлгөн стандарттын негизинде туура жана өз убагында берилген шарттардын негизинде кызматтар көрсөтүлөт; - жашына, улутуна, жынысына, тилине, майыптуулугуна, дин өзгөчөлүгүнө карабастан кызмат көрсөтүлөт; - кызмат алуу үчүн төмөнкү стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин негизинде жарандардан талап кылуу; -МК көрсөтүү учурунда кызматкерлердин ар дайым кичи пейилдиги, түшүндүрмө багыт берүү; - кызмат алуучунун күтүүсү менен акыркы жыйынтыктын дал келиши; - жарандардын арыз даттануусу жана сунуштары боюнча китепченин болуусу; |
15. | Кызмат көрсөтүү жолдору, электрондук форматта кызматты көрсөтүү өзгөчөлүктөрү | Электрондук форматта көрсөтүлбөйт. |
Муниципалдык кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун жол жобосу | ||
16. | Муниципалдык кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу | Ушул стандарттагы 3пункттун шарттарына туура келбесе, 12пункттун шарттарына туура келбесе кызмат кѳрсѳтүүдѳн баш тартылат. |
17. | Даттануунун жол - жобосу | Жаран кызмат көрсөтүүдө нааразы болгон учурда Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнѳ оозеки жана жазуу түрүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттанууда аты-жөнү, дареги, телефон номери, колу, жылы, айы, күнү даттануунун мазмуну көрсөтүлөт; Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир күндүн ичинде каттоого алат, тийиштүү кызматкерге аткаруу үчүн жолдойт. Арыз даттанууну кароо үчүн Кетмен-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн жетекчилиги астында бекитилген тартипте аткарылат. Жазуу түрүндөгү арыз даттануу катталган күндөн тартып 14 календарлык күндөн ашпоо керек. Жаран жооп алууда талаш тартыш маселеси туулганда бекитилген тартипте жетекчиликке кайрылууга укуктуу же болбосо, кабыл алынган чечимге нааразы болгон шартта башка инстанцияларга кайрылууга укуктуу. |
18. | Кызмат стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Бул кызмат кѳрсѳтүүнүн стандартынын ѳзгѳртүлүшү 3 жылдан кем эмес мезгилде бир жолу ѳзгѳртүлѳт. |