Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXVII чакырылышынын XV сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры № 15/1

Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылындагы Чет-Нура бала бакчасына кошумча жаңы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 318 422 (үч миллион үч жүз он сегиз миң төрт жүз жыйырма эки) сомдук долбоор жактырылсын.

2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Чет-Нура айылындагы курулуп жаткан бала-бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 497 764 (төрт жүз токсон жети миң жети жүз алтымыш төрт) сом каражаты, 2019-жылдын бюджетинен каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков