Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры №15/2

Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылындагы жаңы курулуп жаткан клубдун курулушун аяктоо боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 102 004 (үч миллион бир жүз эки миң төрт) сомдук долбоор жактырылсын.

2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ак-Булуң айылындагы курулуп жаткан клуб боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 465 300 (төрт жүз алтымыш беш миң үч жүз) сом каражаты, 2019-жылдын бюджетинен каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Н.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков