Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры № 15/7

Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Таалайбектин арызын кароо жөнүндө

Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Таалайбек Орто-Саз айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен ижарага 5 га жер алган. Ошол жерге карьерден суу чыгаруу үчүн уруксаат сурайт. Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин кезектеги XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Таалайбекке ижарага алган 5 га жерине карьерден суу чыгаруу үчүн уруксаат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков