КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын V-сессиясынын II-отуруму
2018-жылдын 16-августу №27
Калба айыл аймагынын айылдык кенеши А.Огонбаев айылынын Узен Чыналиев көчөсүнүн №44 учаскасында жайгашкан Маданият үйүн айыл өкмөтүнүн менчик балансына алуу керектигин карап көрүп Калба айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айыл айымагынын А.Огонбаев айылындагы Узен Чыналиев көчөсүнүн №44 учаскасында жайгашкан 1060,24метр квадрат жер тилкеси Маданият үйү үчүн керектүү юридикалык иш кагаздары бүткөрүлүп, Калба айыл өкмөтүнүн менчик балансына кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана керектуу юридикалык иш кагаздарын толуктоо жагы Калба айыл аймагынын башчысы: Кадырбек уулу Эрниске жүктөлсүн.
Төрага | Б. Т. Асымбаев |