Редакцияот 06.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айылдык кенешинин депутаттарынын Vlll чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2019-жылдын 06-февралы № 5

Мектептердеги шашке чайынын абалын кароо жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Мектептердеги шашке чайынын абалын кароо боюнча төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

Нарматов Станкул                 комиссиянын төрагасы

Керимкулов Тилеген  комиссиянын катчысы

     Мүчөлөрү:

Бекбаева Жылдыз

Миңбаев Дөөлөт

 Барпиев Райымбек

 Сүйүтбеков Абийир

 Айыл башчылар

2. Мектептердеги шашке чайынын мыйзамдуулугун кароо жагы, ар бир мектепке караштуу айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчыларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Малабеков