Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Таш айыл кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII cессиясы

 

2018-жылдын 19-декабры №XXII / VI

Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү келишимин бекитүү боюнча Кара-Таш айылдык кенешинин 2017-жыл 11-ноябрындагы №_____ токтомуна өзгөртүүлөрдү жөнүндө

Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрөгасы А.Матытовдун Кара-Таш айыл өкмөтү менен түзүлгөн типтүү келишиминде белгиленген жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн бир (1/3) жергиликтүү бюджетте кала турган бөлүгүн жайыттардын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өздүк эсебине кайтарып берүү жөнүндөгү суранычын жана Кара-Таш айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Таш айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды 2018-жылга пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн бир (1/3) Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кала турган бөлүгүн жайыттардын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өздүк эсебине кайтарылып берилсин.

2. Токтомду аткаруу,бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын Кара-Таш айылдык Кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Джаныбаев