Редакцияот 28.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин XV кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 28-сентябры № XV /1

Терек айылынын тургуну Боталиев Кочкорбайдын үлүш жерге болгон менчик укугун таануу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 1994-жылдын 22-августундагы №632 “Жер жана агрардык реформа жүргүзүү жана жоболорду бекитүү” жѳнүндѳ токтомунун негизинде Боталиев Кочкорбай Бердибековичке үлүшкѳ берилген 2,5 га жер аянтына болгон менчик укугу таанылсын.

2. Жер участогуна болгон укугун каттоодон өткөрүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага

Ж. Ажиева