Редакцияот 07.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

2018-жылдын 07-августу № 70

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылга карата республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылы кошумча киреше катарында республикалык бюджеттен тушкөн акча каражаттарынын келип түшкөндүгү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнө 2018-жылда республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатынан айыл аймагындагы айылдардын түнкү жарыктандырусуна – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

3.    Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Т.Эрмекбаев