Редакцияот 23.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры № 78

Айыл аймагындагы мектептердин жаңы окуу  жылына карата даярдыгы, ремонт иштеринин сапаты жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагындагы №39 М.Жунусалиев жана №40 А.Шабданов атындагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы, ремонт иштеринин сапаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Талипова Аятканыдын маалыматтын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ничке-Сай айыл аймагындагы №39 М.Жунусалиев жана №40 А.Шабданов атындагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы, ремонт иштеринин сапаты боюнча жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

3.  Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.  Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Т.Эрмекбаев