Редакцияот 05.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

2018-жылдын 05-декабры № 83

Айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-181/26 буйругун аткарууга алып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө жобону иштеп чыгып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ничке-Сай айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиялары тууралуу Типтүү жобосу бекитилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

3.    Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Т.Эрмекбаев